Швейцарияда курорттогу өрт бир нече кишинин өмүрүн алды
Швейцариянын түштүк-батышында жайгашкан Кран-Монтана чаңгы курортундагы барда чыккан өрт бир нече кишинин өмүрүн алып, дагы бир нечеси жабыркады.
Швейцариянын полициясы алгач жарылуу тууралуу кабарлап, бирок кийин өрттүн себеби белгисиз деген маалымат таратты.
Жергиликтүү маалымат каражаттары өрт пиротехникадан улам чыккан болушу ыктымалдыгын жазды, бул маалымат бышыкталган жок.
Өрт 1-январга караган түнү, жергиликтүү убакыт боюнча саат 1:30да «Le Constellation» барында чыккан.
Бийлик окуяны теракт деп эсептебейт.