ТИМдин Дипломатиялык академиясына жаңы ректор дайындалды
Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын жаңы ректору болуп Руслан Рахимов дайындалды. Жаңы жетекчини тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 31-декабрда окуу жайдын эмгек жамаатына тааныштырды.
Ал академияны дипломатиялык кадрларды даярдоо тутумундагы негизги институт катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Рахимовдун кесиптик жана эл аралык тажрыйбасы окуу жайдын билим берүү жана илимий потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Рахимов 2000-жылы Жусуп...