Бишкекте "Тазалыктын" сууга агып кеткен дагы бир жумушчусунун сөөгү табылды
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) “Тазалык” ишканасынын 30-декабрда жылуулук борбордун техникалык каналына агып кеткен дагы бир кызматкеринин сөөгү табылганын билдирди.
31-декабрда издөө иштери уланып, ага 150 киши тартылган. Алардын 90у куткаруучу, 30у милиция кызматкери жана Бишкек шаардык мэриясынын 30 кызматкери.
Издөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов координациялап жатат.
30-декабрда эртең менен Бишкектин “Тазалык” ишканасынын үч кызматкери Свердлов районундагы...