Аяз Баетовдун Министрлер кабинетинин төрагасынын убактылуу орун басары макамынын мөөнөтү узарды
Президент Садыр Жапаров юстиция министри Аяз Баетовго Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары макамын убактылуу берүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат 30-декабрда президенттин сайтына чыкты.
Мындай чечим мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды улантуу үчүн кабыл алынганы жазылган. Анын алкагында Баетов мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана камсыз кылуу боюнча ыйгарым укук алат.