БШК №13 көп мандаттуу округда кайра шайлоо өткөрүүгө 18,5 млн сом жумшаларын билдирди
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жалал-Абад облусундагы №13 көп мандаттуу округда кайра шайлоо өткөрүүгө 18,5 миллион сом кетет деп эсептелгенин билдирди. Анда каражат республикалык бюджеттен алынарын маалымдады.
"Эсепте шайлоону уюштурууга жана маалыматтык жактан камсыз кылууга кетчү чыгымдар, комиссия мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган жарандардын эмгек акысы, шайлоо өткөрүлгөн күндөрү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, ошондой эле ишке тартылган жарандарга бир адамдык суткалык өлчөмдө тамак-аш уюштурууга суткалык төлөмдөр камтылган.