Бишкекте кинорежиссёр жана дипломат Төлөмүш Океевге эстелик орнотулду
Бишкекте кыргыз улуттук кинематографиясынын залкар өкүлү, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, көрүнүктүү кинорежиссёр жана коомдук ишмер, дипломат Төлөмүш Океевге эстелик орнотулду. Эстеликтин расмий ачылышы 30-декабрда өттү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, А.Акматов атындагы коомдук фонддун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер...