Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу иште эки милиция кызматкери камалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жибек Урустемованын өлтүрүлүшүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында эки милиция кызматкери камалганын билдирди. Анда тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун убагында өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келгендиктен "жогорку деңгээлдеги" коргоо ордери болгонун, буга байланыштуу жаңы жагдайлар аныкталганын маалымдады.
"Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн Ж.Н. аттуу аймактык тескөөчүсү өз милдеттерин так аткарбай, бир канча...