Майлуу-Суу лампа заводунун жумушчулары иш токтоп жатканын айтып бийликке кайрылды
Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун айрым жумушчулары ишканадагы соңку абалга байланыштуу президент Садыр Жапаров баштаган бийлик башчыларына кайрылды. Анда заводдун иши жүрбөй жатканын, акыркы үч айдан бери айлык алыша электигин, кыскартуу башталганын, азыркы жетекчилери аларды өз эрки менен иштен кетүүгө мажбулап жатышканын айтып чыгышты.
"Майлуу-Суу шаарындагы эң чоң лампа завод акыркы эки жылдан бери аксап, жакшы иштей албай келатат. Аты эле иш болуп жатат, бир жумада үч күн иштеп, төрт күн дем алабыз.