КазТаг агенттигинин кеңсесинде, башкы редактордун үйүндө тинтүү жүрдү
Казакстандын борбору Астана шаарында КазТаг маалымат агенттигинин кеңсесинде жана башкы редактору Амир Касеновдун үйүндө 29-декабрда кечинде тинтүү жүрдү. "Азаттыктын" казак кызматы тинтүүгө келген полиция кызматкерлерин тартып алган, бирок алар комментарий берүүдөн баш тартып, тергөөгө жолтоо болбоону талап кылышкан.
Амир Касенов 23-декабрда кечинде Астана шаарында полицияга чакырылгандан кийин камалган. Маалымат агенттигинин башчысы Асет Матаев муну "укуктук чектен чыккандык" деп атаган жана буга байланыштуу Freedom finance компаниясын...