Азербайжанда жети блогер сыртынан соттолду
Азербайжанда чет өлкөлөрдө жашап жүргөн жети блогер сыртынан соттолуп, ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды. Азербайжандагы сот алардын бардыгына өкүм чыгарганын APA агенттиги кабарлады.
Соттун чечимине ылайык, Azerfreedom YouTube каналынын жетекчиси Гурбан Мамедов жана Azad Soz каналынын жетекчиси Турал Садыглы 14 жылдан эркинен ажыратылды. Ал эми блогерлер Эльшад Мамедов, Сулейман Сулейманлы, Орхан Агаев, Рафаэль Пириев жана Ордухан Теймурхан тогуз жылдан түрмөгө кесилди.
Аларга алдамчылык, террорчулукка чакыруу...