Баткен жана Согд облустарынын башчылары өз ара алака-катышты талкуулады
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Тажикстандын Согд облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзода менен 29-декабрда Баткен шаарында жолукту. Аталган өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, анда тараптар өз ара алака-катышты талкуулады.
"Жолугушууга чектеш райондордун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Бул жолугушуу кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелер чечилгенден кийинки эки облустун келечек мамилелерин талкуулаган алгачкы жыйын болду. Облус башчылары эки өлкөнүн...