Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушу: министр айрым жетекчилерге сөгүш берди
Транспорт жана коммуникациялыр министри Абсаттар Сыргабаев Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушуна байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда аталган жолду куруу кечеңдеп жатканына байланыштуу өзүнүн биринчи орун басарына, "Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту" ишканасынын директору менен анын орун басарына сөгүш берди.
"Министр бул жолдун курулушун Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын баса белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.