Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевди Кыргыз эл баатыры наамынан, сыйлыктарынан ажыратты
Президент Садыр Жапаров мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу жарлыкка кол койду.
Президенттин администрациясы тараткан маалыматта, бул Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу үчүн жасалганы белгиленген.
Ага ылайык, Атамбаев Кыргыз эл баатыры артыкчылык даражасынан, II даражадагы "Манас", "Данакер" ордендеринен жана "Даңк" медалынан ажыратылды. Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматына бул...