Бир жылда мейманкана жана ресторан курууга жумшалган инвестиция 23,2% өстү
Үстүбүздөгү жылдын январь–ноябрь айларында мейманкана жана ресторандарды курууга жумшалган инвестиция былтыркыга караганда 23,2% өстү.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин жылдык маалыматында айтылат.
Маалыматта бул тармакты каржылоо элдин жана резиденттердин, ишкана-уюмдардын, банктардын насыяларынын эсебинен жүргөнү, бул булактардын жалпы үлүшү 99,8% түзгөнү белгиленген.
Маалымат жана байланыш объекттерине жумшалган инвестиция дагы былтыркы жылдын январь-ноябрь айларына караганда 17,6% көтөрүлгөн.