Кытай АКШга Тайванга курал сатканы үчүн санкция салганын билдирди
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Тайванга курал сатуу тууралуу чечимин "Кытайдын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө залака тийгизүүчү" деп атады.
Санкцияга АКШнын 20 аскерий-өндүрүштүк компаниясы, коргонуу тармагындагы корпорациялардын 10 жогорку жетекчиси кирди. Алардын активдери тоңдурулуп, Кытай менен кызматташуусуна жана бул өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынат.
Санкция тууралуу чечим 26-декабрдан тартып күчүнө киргени маалымдалды.
18-декабрда АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы...