Эл артисти Догдурбек Кыдыралиев тууралуу даректүү тасма тартылды
26-декабрда Бишкекте «Тоолор мени кучактагыла» аттуу даректүү тасманын көрсөтүүсү өттү. Иш-чара чакан чыгармачыл жолугушуу форматында уюштурулуп, ага кинорежиссёрлор, сүрөтчүлөр жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышты.
Тасма Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» көркөм тасмасында Кожожаштын образын жараткан, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Догдурбек Кыдыралиевдин чыгармачылык жана өмүр жолуна арналган. Автору жана продюсери — сүрөтчү жана документалист Гүлжан Иреш, оператору жана монтаждоочусу Дани Абиров.