Күйөөсү атып өлтүргөн Жибек Урустемованын уулу бийликке кайрылды
Күйөөсү мыкаачылык менен өлтүргөн Жибек Урустемованын тун уулу бийликке кайрылды. Бул тууралуу ал Instagram социалдык тармагындагы өз баракчасыда 26-декабрдын кечинде жазды. Жазылган посттун аныктыгын 27-декабрда "Азаттыкка" маркумдун жакындары ырасташты.
Бекжан Урустемов президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдогон кайрылуусунда апасы каза болгондон кийин аларды бага турган киши эми жок экенин, батир акысы төлөнбөй калышы ыктымал болуп жатканын айтып, жардам берүүсүн суранган...