Айтматов проспектисинин бир бөлүгү кайрадан убактылуу жабылат
Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн Аалы Токомбаев көчөсүнө (Түштүк магистралы) чейинки тилкеси кайрадан убактылуу жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
1-январдан тартып ал жерде жер алдындагы жөө өтмөк жана аялдама комплекстерин куруу иштерин жүргүзүү каралган.
Мэр Айбек Жунушалиевдин чечими жаңы жылдык эс алуу күндөрүн эске алуу менен кабыл алынганы белгиленди.
Аталган проспекттин бул тилкеси быйыл март айында жабылып, 11-июлда ачылган. Президенттин иш...