Күйөөсү мыкаачылык менен өлтүргөн Жибек Урустемованын ишин мындан ары УКМК иликтейт
Күйөөсүнүн огунан мерт болгон Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишин андан ары ички иштер органдары эмес, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) иликтейт. Бул тууралуу атайын кызмат 26-декабрда кабарлады.
Анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен борбордук аппаратта тергөө тобу түзүлгөнүн, кылмышка шектүү, мурдагы милиция кызматкери атайын кызматтын тергөө абагына которулганы айтылат.
"Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда үч баланын...