Садыр Жапаров өзү абакта отурганда түрмөнүн шартына даттанбаганын айтты
Президент Садыр Жапаров Бишкекте курултайда жабык жайлардагы адам укугу бузулган учурлар тууралуу даттанган Ош шаарынан келген делегат, адвокат Айсалкын Карабаевага жооп берди. Анда тергөө абактары курорт эмес экенин белгилеп, өзү абакта отурган кезде түрмөнүн шартына даттанбаганын айтты.
"Тергөө абактары курорт эмес да, ошон үчүн тергөө абактары. Жылыткычтарды коюуга уруксат жок. Аны күнү-түнү дебей сайып коюп, светке мамлекеттин эсебинен биз төлөйбүз. Ал жакта өзүнүн жылуулугу жетет. Мен деле бир эмес эки жолу камалып чыктым...