"Жаңы жашоо баштамак". Жибекти туулган күнүндө күйөөсү атып салды
Күйөөсүнүн колунан каза болгон Жибек Рустемованын сөөгү 25-декабрда жерге берилди. Аны өз үйүндө күйөөсү тапанча менен атып салган. Кылмышка шектүү кармалып, "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Кылмышка шектүү мурда Бишкектин жол коопсуздугун тескеген башкармалыгында иштегени, милициянын улук лейтенанты наамы бар экени, 2021-жылы шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер болгону, социалдык түйүндөрдө пауэрлифтинг жана бодибилдинг менен алектенген активдүү колдонуучу катары да таанымал экени билдинди.