Трамп Нигерияда америкалык аскерлер "Ислам мамлекети" террордук уюмуна сокку урганын билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп анын буйругу менен америкалык аскерлер Нигериянын түндүк-батышында "Ислам мамлекети" террордук уюмуна чабуул жасаганын билдирди.
Ал Truth Social социалдык тармагына өзү "террорчу наадандар" деп атаган жихадисттер "бир канча жыл бою негизинен бейкүнөө христиандарга кол салып. fkfhls мыкаачылык менен өлтүрүп келген" деп жазды.
"Мен буга чейин ошол террорчуларга эгер христинадарды өлтүрүүнү токтотпосо катуу жазаланарып эскерткем, азыр ошол ишке ашып жатат. Согуш министрлиги...