Делегат Карабаева жабык жайларда адам укугу бузулуп жатканын айтып чыкты
Бишкектеги курултайда Ош шаарынан шайланып келген делегат, адвокат Айсалкын Карабаева жабык жайлардагы адам укугуна байланыштуу маселе көтөрдү. Анда түрмөлөрдө соттолуучуларга ырайымсыз мамиле жасалган, кыйноого кабылган учурлар бар экенин айтып, президенттен чара көрүүнү өтүндү.
"Жабык жайларда "өздөрүбүздүн ички эрежелерибиз бар" дешип, ооруган адамдарга бир кашык суу бербестен зар какшатышат. Ооруган адамдар сууга, дарыга муктаж, бирок бул нерсе эч кимди кызыктырбайт. Мейли алар күнөөсү менен соттолушсун...