Экономика, чек ара, зомбулук, жол кырсыктары... Элдик курултайда эмне маселе козголууда?
Бишкекте IV Элдик курултай башталды. Эки күндүк иш-чарага жети облус, Бишкек, Ош баштаган шаарлардан, чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандары, Кыргызстан эл ассамблеясынан 700 делегаттын тизмеси аныкталып, бүгүн 690 делегат келди. Президент өлкө экономикасы мурда болуп көрбөгөндөй көтөрүлгөнүн айтты.