Тажик-ооган чек арасындагы кагылышуудан эки чек арачы каза тапканы кабарланды
Тажикстан менен Ооганстандын чек арасында, Шамсиддин Шохин районунда куралдуу кагылышуу болгонун "Озоди" радиосу кабарлады.
Радионун булактарынын айтымында, 24-декабрда чек араны ооган аткезчилери кесип өткөнү тууралуу маалымат түшүп, ок атышуунун жыйынтыгында Тажикстандын чек ара кызматынын бир нече кызматкери каза болуп, дагы бир нечеси жаракат алган.
Аталган медианын журналисттери каза болгондор 28 жаштагы Исматулло Курбонов жана 33 жаштагы Зиребон Наврузбеков экенин жазды.
Ошондой эле аткезчиликке шектүүлөрдүн бири кармалганы айтылды.