Курултайда кыргыз-казак чек арасындагы Чүй дарыясынын жээги кемирилип жатканы дагы айтылды
Чүй облусуна караштуу Сокулук районунан шайланып келген делегат Урманбет Албанов кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын жылдан жылга кемирилип жаткан кыргыз тараптагы жээгин бекемдөөгө байланыштуу маселе көтөрдү. Убакыт чектелүү болгондуктан ал бул көйгөйгө кеңири токтолгон жок.
Чүй дарыясына байланыштуу буга чейинки курултайларда да делегаттар айтып чыгышкан.
Буга карабай, былтыр жээкти бекемдөөгө 80 миллион, мурдагы жылы 50 миллион сом гана берилгени белгилүү болгон, быйыл бюджеттен канча каражат каралганы маалымдалган эмес.