Орусияда Кобилжондун өлүмү тууралуу пикирин билдирген тажик жараны кармалды
Орусиянын укук коргоо органдары тажик жаранын «улут аралык кастыкты козутуу» беренеси менен камакка алганы кабарланды. «Сова» укук коргоо борбору тажикстандык жарандын кармалышына 10 жаштагы Кобилжон Алиевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу айткан пикири себеп болгонун билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган адам 25 жаштагы Саидназар Хожимуродов. Интернетке жарыяланган видеодо ал орой сөздөрдү колдонуп, Орусиянын жетекчилигин, анын ичинде Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкинди "ксенофобиялык кылмыштарга көз жумуп жатат" деп айыптаган.