Тажик бийлиги Ооганстан менен чек арадагы кагылышта аскерлер каза болгонун ырастады
Тажикстандын Чек ара кызматы өлкөнүн түштүгүндө Ооганстан менен чек ара бекетине куралдуу кол салуу болгонун жана эки аскер кызматкери каза тапканын ырастады.
Мекеме 25-декабрда тараткан расмий маалыматка ылайык, окуя бейшембиге караган түнү катталган. Маалыматта айтылгандай, үч адам Ооганстан тараптан «Сарчашма» чек ара отрядына караштуу бекет аркылуу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөн. Чек ара кызматынын билдирүүсүнө ылайык, аларды кармоо аракетинде шектүүлөр куралдуу каршылык көрсөткөн. Атайын операциянын жүрүшүндө үчөө тең жок кылынган.