Садыр Жапаров Ысык-Көл тартылып баратканына тынчсыздануусун билдирди
Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда климаттын өзгөрүү шартында экологияга өзгөчө аяр мамиле кылууга чакырды. Ал илимий изилдөөлөргө таянып, акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарганын билдирди.
Президент бул өзгөрүүлөр өзгөчө экосистема болгон Ысык-Көлгө таасирин тийгизип жатканын, 1854-жылдан бери көлдүн деңгээли 14 метрге төмөндөп, андагы суунун көлөмү 85 миллиард куб метрге азайганын билдирди.
Ысык-Көлгө куйган дарыялардын саны үч эсеге кыскарган. 1960-жылдары көлгө 100-110 дарыя куйса...