Жогорку Кеңеш илим министри кызматына Исаматованы дайындоого макул болду
Жогорку Кеңеш 25-декабрдагы жыйынында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына Гүлзат Исаматованы дайындоого көпчүлүк добуш менен макулдук берди.
Буга чейин анын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети, Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитети жактырган.
Гүлзат Исаматова 42 жашта. Буга чейин ал Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Эл аралык байланыштар жана инвестициялар...