Көк бөрү федерациясынын президенти алдамчылыкка шек саналып камалды
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саналып камалганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал атайын кызматта тааныштары бар экенин айтып, ар кандай текшерүүдөн коргоону убада кылып бир компаниянын жетекчисинен жалпысынан 390 миң доллар алган.
Жунусалиевге Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, өзү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Рамис Жунусалиев Көк бөрү федерациясынын президенти болуп 2023-жылы октябрда шайланган.