Гүлзат Исаматова илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Гүлзат Исаматова илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Исаматованын талапкерлиги эми Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.
Гүлзат Исаматова 42 жашта. Буга чейин ал К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректору кызматын аркалап келген.
Кыргыз юридикалык академиясында, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатия академиясында Эл...