Садыр Жапаров делегаттарды бийликти мактабоого, маселенин ток этерин айтууга чакырды
Садыр Жапаров курултайда жарыш сөзгө чыкчу делегаттарга кайрылып, дароо маселенин ток этер жерин айтууга, бийликке ачык сын-пикир билдирүүгө чакырды. Ал ошондой эле бир райондун акими курултайга делегат шайлоого кийлигишкенини тууралуу маалымат териштирилип жатканын, ага чара көрүлөрүн билдирди.
"Баштаганда эле биринчи учурашасыңар, жаңы жыл менен куттуктайсыңар, дагы бир нерселерди айтасыңар, анан кимдин айылында жакшы иш жүрүп жаткан болсо бийликти мактап баштайсыңар. Ошентип жарым убактыңарды жеп коесуңар.