Жапаров зомбулукту эч нерсе актабай турганын, коомдук маданиятты өзгөртүү керектигин айтты
Президент Садыр Жапаров 25-декабрда Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда зомбулук маселесине кайрылып, "аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетип баратат" деп айтты. Ал зомбулукка барган кылмышкер жазадан кутулбай турганын белгиледи.
“Зордук-зомбулукту айтуунун өзү да оор, бул бирок биздин коом үчүн кечиктирилгис жат көрүнүш. Анткени, алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Биз буга жол бербешибиз керек. Мамлекет катаал чара көрөт. Аялга же балага кол салган бир да кылмышкер жазадан кутулбайт.