Туманбаев МИК курган үйлөр жыш жайгашканы тууралуу дооматты жокко чыгарды
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган үйлөр жыш жайгашканы тууралуу сөздөргө жооп берди.
Ал Фейсбуктагы баракчасына үйлөрдү курууда бардык норма, стандарт сакталып жатканын жазып, салыштыруу үчүн Жапониядагы үйлөрдү мисал келтирди.
"Айрымдар МИК куруп жаткан үйлөрдү, "кокуй жыш жайгашыптыр, кумурсканын уюгундай болуп калыптыр" деп сынга алып жатышат. Сиздерге Жапониядагы жыш жайгашкан үйлөрдүн видеосун жүктөп койдум, салыштырып көрүңүздөр. Бизде биринчиден стандарттар, нормалар сакталууда.