Жогорку Кеңеш 2026-жылдын бюджетин бекитти
Жогорку Кеңештин депутаттары 2026-жылга бюджетти үч окууда бекитти. Парламент жыйынына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна жооп берди. Касымалиев кийинки жылдын консолидацияланган бюджети 843 миллиард сомдон ашат деп пландаштырылып жатканын билдирди. Бириктирилген бюджеттин кирешеси 551,2 миллиард сомду түзсө, чыгашасы 550,8 миллиард сомду болот деп бекитилди.
Бюджеттин 460,8 миллиард сому салыктык кирешелерден түшөт, анын ичинен Салык кызматына 318,2 миллиард сом...