Кадырбек Атамбаев абакта "кемсинтүүчү зомбулукка" кабылып жатканы кабарланды
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев тергөө абагындагы "Ички тартип эрежелеринин" сакталышын талап кылгандыгы үчүн абак кызматкерлери анын чачын күчтөп туруп такыр кырып салышканын 24-декабрда адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.
Адвокаттын айтымында, анын чачы ансыз да кырылган, бирок бир нече миллиметр эле өсүп калган.
Кадырбек Атамбаев Токтакунов менен жолукканда ушундай эле мамилеге партия лидери Темирлан Султанбеков да кабылганын...