Маданият министринин орун басары Тагаев ЦУМдун жанына үч кабат имарат курулганын сынга алды
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) жанындагы үч кабаттуу имараттын курулушун сынга алды. Ал бул тууралуу Чүй көчөсүндөгү мурдагы "Ай-Пери" тиричилик үйү оңдолуп-түзөтүүдөн кийинки абалы менен таанышып жатып айтты.
Тагаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу вьетнамдык ишкерлер бул имараттын ичиндеги "Аялзат" мозаикасын сактап калганы үчүн ыраазычылык билдирген. Муну инвесторлордун кыргыз тарыхый-маданий мурасына мамилеси катары сыпаттаган.