Парламентте электрондук тамекиге тыюу салуу аткезчиликти шарттаганы айтылды
Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйында депутат Дастан Бекешев өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып жатып айтты. Ал электрондук чылымды алып келүү, сатуу жана чегүүгө тыюу салынганы менен аны Телеграм каналдар аркылуу сатуулар тоскоолдуксуз уланып жатканын айтты.
"Тыюу өзүн актаган жок. Тескерисинче, аткезчилик пайда болду. Мониторинг жүргүзгүлө, чектөөнүн кажети жок. Андан көрө чектөөнү алып салалы. Себеби Телеграм каналдар аркылуу сатып атышат, бирок бир тыйын салык бюджетке түшкөн жери жок. Салыкты ала турган жерден алыш керек.