Депутат Кожокулова МИКтин батир баасы боюнча маселени парламентте көтөрдү
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) куруп жаткан батирлердин баасы катардагы калктын капчыгына туура келбей жатканын Жогорку Кеңештин 24-декабрдагы жыйынында депутат Гуля Кожокулова айтты.
Ал МИК салып жаткан үйлөр өтө кымбат экенин, баасы мамкызматкерлерге жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи:
"Жер тилкелерин силер мамлекеттен бекер аласыңар, андан сырткары башка да жеңилдиктерди МИК бекер алып жатат. МИКтин үйлөрү кымбат. Эмнеге муну өкмөт көзөмөлдөбөйт? Жашоо деңгээли, айлык акы деген нерселер эске алынсын.