Суу таңкыстыгы Борбор Азияда климаттык миграция маселесин курчутууда
Дүйнөлүк ресурстар институту 2040-жылга чейин 30дан ашуун өлкөдө, анын ичинде Борбор Азияда суу тартыштыгы курч абалга жетишин божомолдойт. Институттун анализинде чөлкөмдөгү суу ресурстарынын 80% ашыгы чек ара дарыяларына туура келери белгиленген.