Түркияда учак кыйрап, Ливиянын армиясынын Башкы штабынын жетекчиси мерт болду
Түркияда Анкара шаарынан шейшемби күнү кечинде учуп чыккан учак кыйрап, анын ичиндеги Ливиянын армиясынын Башкы штабынын начальниги Мухаммед ал-Хаддаж мерт болду.
Ливиядагы улуттук биримдик өкмөтүнүн башчысы Абдел Хамид Дбейба бул маалыматты ырастады. Ал жалпы улут, эл жана аскер үчүн бул оор жоготуу экенин белгиледи.
Түркиянын ички иштер министри Али Ерликай Х социалдык тармагындагы баракчасына Falcon 50 үлгүсүндөгү учак Анкарадан 20:10до учуп чыкканын, бирок 20:52де байланыш болбой калганын жазды.