КазТаг маалымат агенттигинин башкы редактору Амир Касенов камалды
Казакстандын борбору Астана шаарында КазТаг маалымат агенттигинин башкы редактору Амир Касенов камалды. Бул тууралуу агенттиктин расмий сайтына жарыяланды. Ага ылайык, Касенов 23-декабрда кечинде полицияга чакырылгандан кийин камакка алынган.
Маалымат агенттигинин башчысы Асет Матаев муну "укуктук чектен чыккандык" деп атады жана буга байланыштуу Freedom finance компаниясын, анын жетекчиси Тимур Турловду айыптады.
Мунун алдында Freedom finance компаниясынын арызынын негизинде Касенов менен Матаевге...