Баткендеги "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин 24-декабрдагы жыйынында Баткен облусундагы "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканына байланыштуу маселе дагы көтөрүлдү. Депутат Ырысбек Атажанов өкмөт өкүлдөрүнөн кандай иштер аткарылып жатканын сурады.
Ага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жооп берип, долбоорлоочу адистерди таппай жатышканын, быйыл дагы издешерин айтты.
"Биз техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү жасадык. Ал жерде суу сактагыч эле эмес ГЭС боюнча дагы кошумчалар кирди.