Бактияр Орозов ичимдик ичип машина айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылды
Мурдагы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов ичимдик ичип алып машина айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунан кабарлашты.
Президент Садыр Жапаров Бактияр Орозовду 15-декабрда кызматтан алган. Президенттин администрациясы тараткан маалыматта анын кызматтан алынышына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасын так сактабаганы негиз болгону жазылган. Бирок сөз министрдин кайсы аракети жөнүндө экени айтылган эмес.