Дыйканга жардам бере турган ишканаларды ачуу планы даярдалды
Кыргызстанда айыл чарбасы менен алектенген ишкерлерге колдоо көрсөтүү менен алектене турган ишканаларды ачуу планы иштелип чыгып, азыр аларды каржылоо булактары изделип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, план иштелип чыккан, тийиштүү тапшырмалар район акимдери жана айыл өкмөт башчыларына берилген. Жалпысынан 22 млрд сомго...