ЖК комитеттери Досмамбетовду саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент комитети менен Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитети бүгүн 23-декабрда саламаттык сактоо министри кызматына Каныбек Досмамбетовду дайындоого макулдук берди. Эми анын талапкерлиги жалпы жыйында каралат.
Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров ошол кездеги министр Эркин Чечейбаевди жумуштан алып, анын милдетин аткаруу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин...