Жанарбек Акаев Ошто ашууларда кытайлык айдоочулардын айынан тыгын жаралып жатканын айтты
23-декабрда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында "Ала-Тоо" депутаттык тобунун лидери Жанарбек Акаев Ош облусундагы Алай жана Чоң-Алай райондорундагы ашууларда жүк ташыган, жайкы дөңгөлөктөрүн алмаштырбаган кытайлык айдоочулардын айынан тыгын жаралып жатканын айтты.
Ал жыйынга катышып жаткан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге кайрылып, бул маселени чечүү үчүн тапшырма берүүнү өтүндү:
"Алай менен Чоң-Алайга кар калың жаады. Биздин жүк ташыган машиналардын жүздөгөн айдоочулары эки ашууда тыгында туруп калды.