Кыргызстандын 2026-жылдагы консолидациялаган бюджети 843 млрд сом болот деп сунушталууда
Кыргызстандын 2026-жылдагы консолидацияланган бюджети 843 миллиард сомдон ашат деп пландаштырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринин кийинки жылдын бюджетин караган биргелешкен жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Ал кийинки жылы бул каражатты 1 триллион сомдон ашырууга аракет көрүлөрүн убада кылды.
Консолидацияланган бюджеттин кирешеси 551,2 миллиард сомду түзсө, чыгашасы 550,8 миллиард сомду болот деп сунушталды. Мындай жол менен өкмөт кийинки жылы...