Быйыл жеке компаниялар аркылуу 17 миң кыргызстандык чет жакта ишке орношту
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборунун маалыматында айтылат.
Жыл башынан бери кыргызстандыктарды иш менен камсыз кылуу боюнча жеке менчик агенттиктери 17 167 жаранды жумушка орноштурган. Алардын 6 597си аялдар.
Быйылкы жылы сыртка миграцияга кеткендердин көбү Улуу Британия, Түркия, Германия, Болгарияны тандаган. Бул өлкөлөргө 17 миң мигранттын 60% кеткен. Ал эми Орусияны болгону 1 463 адам тандаган.
Ошондой эле Азия өлкөлөрүн...